30дан ашык өлкө орусиялык жана беларустук спортчулардын эл аралык мелдештерге катышуусуна тыюу салууну колдоду. Бул тууралуу Reuters агенттиги Улуу Британиянын өкмөтүнө шилтеме берүү менен жазды.
АКШ, Франция жана Улуу Британия кол койгон биргелешкен билдирүүдө айтылгандай, мындай позицияга Орусиянын Украинадагы агрессиясы себеп болгон.
"Орусиялык жана беларустук спортчулар өздөрүнүн мамлекеттери тарабынан түздөн-түз каржыланып жана колдоого алынып жаткандыктан бейтараптыкта таймашуусу канчалык негиздүү деген олуттуу кооптонуулар бар", - деп айтылат билдирүүдө.
Документте ошондой эле Беларусь менен Орусиянын спортчулары өз өлкөлөрү баштаган согушту токтотуу менен гана эл аралык спорт коомчулугуна кайтып келе ала турганы айтылат.