Ош. Шаарда аялдардын зордук-зомбулукка каршы желекчелерди орнотуу акциясы өтүп жатат

Бүгүн, 10-декабрда Ош шаарында "Гендердик зордукка каршы 16 активизм күндөрү 2013" кампаниясынын алкагында "Аялдарга жана кыздарга карата болгон согушту токтотолу: аялдардын укуктары - адамдын укуктары" деген желекчелерди орнотуу иш-чарасы өтүүдө. Аталган иш-чара 10-декабрь - Эл аралык адам укуктары күнүнө карата өткөрүлүп жатат. Уюштуруучулар тарабынан 19 300 желекче даярдалган. Бул желекчелер зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдардын санын билдирет. Алардын ичинен  9800 кызыл желекчелер уурдалган кыздардын саны, 2000 ак желекчелер кыздарды уурдоо учурунда сексуалдык зордук-зомбулукка кабылгандар, ал эми 7500 кызгылт көк түстөгү желекчелер үйдөгү зордук-зомбулукка кабылган аялдардын саны болуп саналат. Бул көрсөткүчтөр бир жыл ичиндеги өлкөдөгү аялдардын саны болуп эсептелет. Иш-чара Бишкек феминисттик Скью демилгеси жана БУУнун колдоосу астында өтүп жаткандыгын желекчелерди орнотуу боюнча координатору Айназ Сулайманова билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан