Бүгүн Жогорку Соттун басма сөз кызматы депутат Садыр Жапаровдун иши тууралуу төмөнкүдөй билдирүү жасады: "Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2012-жылдын 5-октябрындагы токтому менен депутат Садыр Жапаров 2 айлык мөөнөткө, 2012-жылдын 5-декабрынын саат 21.00го чейин УКМКнын СИЗОсунда камакка алуу түрү тандалган. Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 22-октябрындагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2012-жылдын 5-октябрындагы токтому күчүндө калтырылган. КР Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 11-декабрындагы токтому менен Жапаровдун жактоочусу көзөмөл арызын чакыртып алгандыгына байланыштуу көзөмөл өндүрүшү токтотулду". Ошондой эле Жогорку Соттун алдында митинг болуп жатат деген жалган маалымат экенин билдирет аталган орган.