"Ар бир үй-бүлө үчүн күйүп-бышат". Венгриянын тарыхындагы алгачкы президент айым Каталин Новак тууралуу кызыктар

Каталин Новак - Венгриянын тарыхындагы алгачкы президент аял. Ал бул кызматка былтыркы жылдын май айында киришкен. SUPER.KG порталы бул ирет өз өлкөсүндө тарых жараткан президент айым тууралуу кызыктуу маалыматтарды топтоого аракет жасады.

Каталин Новак 1977-жылы 6-сентябрда Венгриянын түштүгүндөгү Сегед шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү. Жолдошу Иштван Верес. Кесиби боюнча экономист. Ал Венгриянын Улуттук банкында иштейт. Жубайлардын үч баласы бар: 13 жаштагы кызы Кото Верес, уулдары Адам Верес (17 жашта) жана Томас Верес (15 жашта). Президент айым социалдык тармактарда үй-бүлөлүк сүрөттөрү менен көп бөлүшөт.

Новак англис, француз жана немис тилдеринде эркин сүйлөйт, ошондой эле испан тилин билет. Ал чуркоо жана лыжа тебүүнү жакшы көрөт. Ошол эле учурда театр, кино, стол оюндарына кызыгат.

Каталин Новак 2010-2018-жылдары жана 2010-2020-жылдары Новак The Family-Friendly Turn жана Family-Friendly Decade журналдарынын редактору болгон. Ал үй-бүлө тууралуу 50дөн ашык макалалардын автору.

2018-жылы “Аялдар Венгрия үчүн” клубун жана “Аялдар венгр улуту үчүн” кыймылын негиздеп, жетектеген.

2019-жылдан бери Венгриянын жана Аялдардын Эл аралык демократиялык союздарынын вице-президенти.

Үй-бүлөлөрдүн бүткүл дүйнөлүк конгрессинин ишине катышып, үй-бүлөнүн салттуу баалуулуктарын жайылтууну жактайт. Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө салттуу үй-бүлөнү мыйзамдык деңгээлде коргоо зарыл деп эсептейт. Ал балдар арасында гомосексуализмди пропагандалоого тыюу салууну жактайт.

Анын демилгеси менен 2018-жыл Венгрияда үй-бүлө жылы болуп калды.

Билими

1996-2001-жылдары Корвина университетинин Экономика факультетинде окуп, экономика боюнча бакалавр даражасын алган. 2001-2004-жылдары Сегед университетинде (Венгрия) жана Париж X - Нантер университетинде юридикалык билим алган. Ал Париждеги Саясий изилдөөлөр институтунда да окуган.

Эмгек жолу

  • 2001-2003-жылдары Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин ар кандай бөлүмдөрүндө иштеген.
  • 2003-жылдан баштап жети жыл иштебей, балдары менен алек болгон.
  • 2010-2012-жылдары Тышкы иштер министрлигинде кеңешчи болгон.
  • 2012-2014-жылдары - Социалдык ресурстар министринин аппарат жетекчиси.
  • 2013-2014-жылдары Тышкы иштер министрлигинде франкофония иштери боюнча министрлердин комиссары.
  • 2014-2020-жылдары Социалдык ресурстар министрлигинин үй-бүлө жана жаштар иштери боюнча статс-катчысы.
  • 2017-2021-жылдары "Фидес" партиясынын вице-президенти болгон.
  • 2018-жылы Фидес партиясынан Венгриянын Улуттук ассамблеясына депутат болуп шайланган.
  • 2020-2021-жылдары үй-бүлө иштери боюнча портфолиосу жок министр болгон. Кызыгы, бул кызмат Новак үчүн атайын түзүлгөндөй. Анткени ал кеткенден кийин бул кызмат жоюлган.

Анын демилгеси менен үй-бүлөнү колдоо боюнча бир нече программалар кабыл алынган: кош бойлууларга жөлөк пул, үйдү оңдоого жөлөк пул, төрт балалуу энелерге киреше салыгынан бошотуу жана башкалар.

Ошондой эле Каталин Новак таланттуу жаштарды колдоо программасын киргизип, орто класстын жашоосун жакшыртууга аракет жасаган.

2022-жылдын 10-мартында Венгрия парламенти үй-бүлө иштери, жаштар жана эл аралык байланыштар министри Каталин Новакты өлкөнүн жаңы президенти кылып шайлап, ал бул кызматтагы биринчи аял болуп калды.

Эске сала кетсек, ушул жылдын февраль айында президент Садыр Жапаров Каталин Новак башкарган Венгрияга расмий сапар менен барган. Анын жыйынтыгында өлкө президенттери Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшкан. Мындан сырткары бир катар документтерге да кол коюуга жетишишкен.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Каталин Новакты Кыргызстан сапар менен келип кетүүгө чакырган.

Каталин Новак Венгриянын президенти болуп 5 жылга шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан