Япониянын жогорку палатасы шаршемби күнкү отурумунда депутат Гасини (чыныгы аты Йошиказу Хигашитани) жыйынга катышпаганы үчүн мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Бул өлкөнүн азыркы Конституциясы боюнча 1951-жылдан бери депутаттын ыйгарым укуктарынан ажыратылган үчүнчү окуя. Ал эми жыйынга келбегенди үчүн мындай чечим кабыл алынган биринчи учур.
Блогер жана ютубер Гаси чет өлкөдө жашап жүргөндүктөн, парламенттик жыйындарга катышуу үчүн планын өзгөрткүсү келген эмес. Ал жыйындарга дистанциялык түрдө катышууну талап кылган, бирок азыркы мыйзамдарда депутаттардын мыйзам чыгарууга жеке катышуусу гана каралган.
Мыйзамдарды өзгөртүү үчүн ал өлкөгө кайтып келип, мындай мыйзам долбоорун демилгелөө үчүн жыйынга жеке өзү катышуусу керек болчу.
Өткөн жумада аны кечирим суроо үчүн парламентке келүүсүн суранышкан. Бирок ал акыркы учурда оюн өзгөртүп, Японияга келбегендиктен, аны ыйгарым укуктарынан ажыратуу чечими кабыл алынган.