КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги Кызыл Жарым Ай улуттук бирикмеси менен биргеликте жардамга муктаж балдардын маалымат базасын түзүп, аларга жаңы жылдык белектерди алып берүүгө акча каражат чогултуу үчүн “Балдарга кубаныч тартуулайлы” деген аталышта акция башталды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматкери Кымбат Кадыралиева маалымдады. Кайрымдуулук иштеринин эффективдүүлүгү өткөн аптада өкмөт мүчөлөрү, бизнес-компаниялардын жана коомерциялык эмес сектордун өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын тегерек столдо талкууга алынган. Серепчилердин маалыматына таянсак, Кыргызстанда бизнес-компаниялар жылына миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөтүшөт. Жардамга муктаж адамдар тууралуу маалымат базасынын жоктугунан жогоруда аталган жардамдардын туура бөлүштүрүлбөй калуу коркунучу бар. Бирдиктүү маалымат базасынын түзүлүшү кайрымдуулук жардамдардын туура бөлүнүп, даректүү жеткирилишине шарт түзөт. Кыргыз жарандарын кайдыгер болбой, “Балдарга кубаныч тартуулайлы” акциясына активдүү катышууга чакырабыз. Балдарга жардам берүүнү каалагандар 4383 кыска номерина СМС-билдирүү жиберип, балдарга белек алууга 5 сом которушат. Эскерте кетсек, акцияга Мегаком жана Фонекс уюлдук операторунун абоненттери гана катыша алышат.