Ысык-Көл. Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда уруксат кагазы жок мергенчилик кылып жүргөн жарандар кармалды

КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы Ыйгарымдуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Давлетов кабарлагандай, үстүбүздөгү жылдын 7-9-декабрь күндөрү экологиялык Сары-Мойнок тосмосунда (постунда) мергенчилик жана токойчулар департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү менен Ысык-Көл облустук ИИМ кызматкерлери атайын өткөргөн иш-чарасынын негизинде Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун тоо кыркаларында уруксат кагаздары жок аңчылык кылып жүрүшкөн жарандар кармалды. Алардан 8 баш Сибирь текелери, 1 баш жапайы кой, 1 баш түлкү жана 1 баш каман чочко алынган. Мергенчилер департаментинин облустук өкүлчүлүгү билдиргенге караганда, кармалган жарандар жана алардын мыйзамсыз олжолору тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилип, учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан