Бишкекте Таластан келген аксакалдар маалымат жыйын өткөрүшүп, камактагы 3 депутатты бошотуу талабын коюшту

Бүгүн Бишкекте Талас облусунан келген аксакалдар тобу маалымат жыйын өткөрүп, камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду үй камагына чыгаруу талабын айтышты. Алардын бири Зайнул Шадыбеков "Кумтөр" маселесин көтөрүп чыгып, элдин эртеңки күнү үчүн кам көргөн депутаттарды камап салуу катачылык экенин айтты. Аталган кендин жаратылышка тийгизген зыянын айткан аксакалдар аталган депутаттарды үй камагына чыгарып деле ишти карай берсе боло турганын билдиришти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан