Садыр Жапаров Азия чемпиондугунда жеңишке жеткен балбандарды куттуктады
Президент Садыр Жапаров Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда жеңишке жеткен балбандарды куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында спортчуларыбыздын бир тобу байгелүү орундарга ээ болгонуна кыргыз эли сүйүнүп, бири-бири менен кубанычтарын тең бөлүшүүдө.