Акжол Махмудов үчүнчү ирет Азия чемпиону болду

Бүгүн, 9-апрелде Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алды.

Азия чемпиондугуна күрөштүн грек-рим түрү боюнча 77 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Акжол Махмудов финалга чейин жетип, финалда ирандык Амин Кавиянинежад аттуу балбан менен кез келмек.

Бирок ирандык балбан жаракат алып калгандыгына байланыштуу беттешке чыккан жок.

Муну менен Акжол Махмудов катары менен экинчи ирет, карьерасында үчүнчү ирет Азия чемпиону болду. Ал былтыр апрель айында Улан-Батор шаарында өткөн Азия чемпиондугунда алтын байге уткан.

Ошондой эле 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда алтын байге уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Meken.kg
2023-04-09 23:52:00
Россиялык спортсмен Роман беле ошо менен качан курошот билгендер барбы Алматыда деп атышты элего
0
Zama
2023-04-10 00:19:00
26- апрелде болот. Акжолго АЛЛАХым куч кубат берсин! Азиянын уч жолку чемпиону, куттуктайбыз и Акжол менен сыймыктанабыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан