Жо Байден Леди Гагага Ак Үйдөн кызмат орун берди

Америкалык ырчы жана актриса Леди Гага Вашингтондогу Ак үйдөн орун алды. АКШ президенти Жо Байден ырчыны Ак үйдүн Маданият жана искусство боюнча комитетинин тең төрагалыгына дайындады. Мындай маалымат америкалык администрациянын билдирүүсүндө айтылат.

"Ал 13 Грэмми сыйлыгын жеңип алган. Ал Американын Мода дизайнерлеринин Кеңеши тарабынан мода иконасы деген наамга ээ болгон жана анын тизмесине кирген. Forbes жана TIME журналынын изилдөөсү боюнча дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын катарында бар", - деп жазылат маалыматта.

Байдендин ошондой эле кинопродюсер Брюс Коэнди ​​искусство жана гуманитардык илимдер боюнча комитеттин тең төрагалыгына дайындаганы белгилүү болду. Комитеттин курамына белгилүү режиссёр Жорж Клуни, сценарист Шонда Раймс, актёр Трой Коцур, белгилүү актриса Женнифер Гарнер жана башка чыгармачыл инсандар кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан