Бишкекте балдар үчүн балаты майрамдары уюштурулат

Бишкекте балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда уюштуруу тобунун мүчөлөрү билдиришти.
Алгачкы балаты майрамы 20-декабрда саат 10:00дө “Сейтек” балдар борборунда орун алат. Ага катышуу үчүн 700 бала чакырылган. Алардын баары Социалдык коргоо башкармалыгында каттоодо турушат. Быйыл аталган башкармалык өлкө боюнча 6600 балага белек тартуулайт. Ал үчүн казынадан 2 миллион сом бөлүнгөн.
Ошондой эле 27-декабрда саат 10:00 жана 12:00дө опера жана балет театрында 1 500 бала чакырылган Бишкек шаарынын мэринин балаты майрамы өтөт. Ага жергиликтүү бюджеттен 1,5 миллион сом бөлүнгөн.
Жалпысынан Бишкек шаары боюнча 16 миң балага белектер берилет. Ага бюджеттен 7,5 миллион сом каралган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан