Түркиянын Анкара шаарында 37 жаштагы З.Ш. аттуу жаран итти зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя Анкаранын Малтеп кичи районунда болгон. Анда жергиликтүү тургундар шектүү киши жолбун итти өзү иштеген наабайканага күч менен сүйрөп киргенин байкашкан. Бул убакта наабайкана жабык болчу.
Аны көргөндөн кийин көптөгөн адамдар наабайканага чогулуп, эшикти такылдатышкан. Аны уккандан кийин шектүү жаран качып кеткен.
Кийинчерээк шектүү жаран кармалып, полицияга өткөрүлгөн. Ал эми итти ветеринарга алып барышканда көтөн чучугуна зыян келтиргени аныкталган.
Баш коргоо чарасы сотто каралып жатканда шектүү жаран күнөөнү моюнуна алган эмес. Ал итке тамак берүү үчүн күч менен наабайканага сүйрөп киргенин айткан.
Учурда ветеринарлар итти дарылап жатышат. Бул ишке шектүү жаран айып пул төлөп, өлкөдөн депортацияланышы мүмкүн.