Бишкек шаарынын прокурору Талант Кожонов жана Октябрь районунун прокурору Марат Бусурманкулов ээлеген кызматтарынан бошотулушту. Бул туурасында бүгүн, 11-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, тиешелүү буйрукка Аида Салянова кол койгон.
Жогоруда аталган кызматкерлер Бишкек мэриясынын, Мамлекеттик архитектуранын жана башка түзүмдөрдүн жетекчилери тарабынан жер мыйзамынын бузулушуна натыйжалуу көзөмөл болбогондугу үчүн кызматтан бошотулушкан.