Эртең Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектро" ААКсынын басма сөз кызматы билдирди. Электр энергиясы 9:00дөн 17:00гө чейин Маевка айылынын Весёлый, Сельский, Совхозный, Восточный, Жаш Гвардия, Больничный, Строительный, Түлөбердиев көчөлөрүндө, Аламүдүн районунун Мраморное айылында, ошондой эле Жайыл районунун Ставрополовка, Степное, Кара-Суу айылдарында электр энергиясы өчүрүлөт. Кошумчалай кетсек, электр энергиясын өчүрүү оңдоо иштерине байланыштуу.