Талас. Үй-бүлө жылына карата облустук сынактын финалдык бөлүгү өтүүдө
Бүгүн үй-бүлө, ынтымак, тынчтык жана кечиримдүүлүк жылына карата үй-бүлөлөр арасында кол өнөрчүлүк боюнча райондордо уюштурулган сынактардын жеңүүчүлөрү Талас шаарында чогулушуп, сынактын облус боюнча финалдык баскычы өтүүдө. Иш-чарага өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рыскелди Ботиков да келип, жалпы катышуучуларга ынтымак ырашкерлик, ден соолук каалап өттү. Катышуучулар өз колдору менен жасаган буюмдарын А.Огонбаев атындагы музыкалык драма театрында элдин сынына коюшту.