Орусияда 16 жаштагы ММА мушкери беттеш учурунда каза болду (видео)

Орусиянын Амур облусунда 16 жаштагы ММА мушкери беттеш учурунда башына болгон соккудан улам каза болду. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, ал атаандашы менен башында шлемы жок беттешип жаткан. Атаандашы башка тепкенде эс-учун жоготуп жыгылган.

Эрежеге ылайык, бардык жашы жете элек катышуучулар ачык типтеги шлем менен беттешүүгө милдеттүү болчу. Бирок калыс өспүрүмгө ансыз беттешүүгө уруксат берген.

Өспүрүм "Тез жардам" унаасында каза болгон.

Бул фактыны Орусиянын ММА союзу жана тергөө органдары текшерип жатат.

Орусияда 16 жаштагы ММА мушкери беттеш учурунда каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан