"Спортчу эмес". Казак менен өзбек мушкеринин беттеши көпчүлүктү нааразы кылды (видео)

Казакстандын Кентау шаарында өткөн "Alash Pride 85" турниринде казакстандык мушкер Нурбакыт Айтжанов менен өзбекстандык Малик Зокирдин беттеши көпчүлүк күйөрмандарды нааразы кылды.

77 килограммга чейинки салмак ченинде беттеш өзбекстандык мушкердин жеңиши менен аяктады. Казак мушкери ММА эрежесин бузганы үчүн мелдештен четтетилди. Ал беттеш учурунда атаандашы жерде жатканда тизе менен башка тепкен. Андан кийин калыс беттешти токтотконуна карабай ал өзбекстандык мушкерди чаап жиберген.

Көпчүлүк күйөрмандар мушкердин бул жүрүм-турумуна нааразы болушууда.

“Бул спортчу эмес”, “Тартип нөл”, “Туура, бул жерде таза дисквалификация”, “Бул профессионал мушкер эмес, клоун”, “Уят, маданият жок”, деп жазышууда социалдык тармактын колдонуучулары.

Казак менен өзбек мушкеринин беттеши көпчүлүктү нааразы кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан