Аткылоодон улам Украинадагы Каховск ГЭСинин бир бөлүгү жарылды (видео)

Украинанын түштүгүндөгү Херсон аймагында жайгашкан Каховская суу сактагычынын бир бөлүгү аткылоодон улам бузулду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, аталган дамбанын бузулушу бир нече айдан бери жапа чеккен аймакта суу ташкынын пайда кылууда. Учурда жергиликтүү тургундар эвакуацияланууда.

Ал эми дамбанын жарылышына украин өкмөтү Орусияны айыптаса, Кремль Уркаинаны күнөөлүү деп билдирүүдө.

Украинанын ички иштер министрлиги Днепр дарыясынын оң жээгиндеги 10 айылдын жана Херсон шаарынын бир бөлүгүнүн жашоочуларын тезинен эвакуацияланууга чакырды. Себеби суу беш сааттын ичинде “критикалык” чекке жетиши мүмкүн.

Учурда каптаган суунун деңгээли көтөрүлүп жатат. Адистер каптаган суу 2-3 күндүн ичинде агып кетерин, бирок аймакты калыпка келтирүүгө көп убакыт керек экенин айтышууда.

Аткылоодон улам Украинадагы Каховск ГЭСинин бир бөлүгү жарылды
Аткылоодон улам Украинадагы Каховск ГЭСинин бир бөлүгү жарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан