Нарын облусунун туристтик логотиби иштелип чыкты. Бул тууралуу Туризм департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, логотип туризди өнүктүрүү, анын дараметин чет элдик туристтерге таанытуу жана жайылтуу максатында иштелип чыккан.
Логотипте облустун жаратылышын чагылдырган бийик тоолор, анда байыр алган аркар, өлкөдө уникалдуу деп саналган “Таш-Рабат” тарыхый-маданий объектиси, облустун төрт районунун аймагын камтыган айтылуу “Соӊ-Көл” көлү ошондой эле, кыргыздын улуттук-маданий баалуугу болгон боз үй, кыргыздын улуттук суусундугу кымыз куя турган идиши – көөкөр чагылдырылган.