Орусияда спирт ичимдигине ууланып каза болгондордун саны өсүүдө

Ульяновск облусунда 4-июндан 6-июнга чейин спирт ичимдиктеринен ууланып ооруканага кайрылгандардын саны өстү. Учурда жабырлануучулардын саны 40тан ашып, 18 жарандын каза болгону айтылууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазууда.

Маалым болгондой, жарандар "Мистер Сидр" деп аталган спирт ичимдигине ууланышкан. Азыркы тапта Ульяновск аймагынан сырткары Орусиянын башка аймактарынан да ооруканага кайрылгандар катталууда.

Жабырлануучулардын арасында 8 жаштагы баладан баштап, жашы 18 жашка чыга элек өспүрүм кыздар дагы бар. Алардын абалы оор жана орто оор деп бааланып жатат.

Экспертизанын жыйынтыгында, мындай массалык ууланууга ичимдиктин курамындагы “метанол” заты себеп болгон. Учурда “Мистер Сидр” ишканасынын жетекчилиги кармалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан