Суусамырда бүгүн, 6-июнь күнү болгон жол кырсыгынан жабыркагандардын ичинен 4 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки унаада жалпы 13 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен 4 адам окуя болгон жерде, дагы экөө ооруканага жетпей каза болгон. Жети адам Жайыл аймактык ооруканасына жеткирилген.
"Азыр төрт жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө жатат, алардын бири жаш бала. Алардын абалы оор деп бааланууда. Дагы үчөө - эки бала жана бир чоң киши травматология бөлүмүнө жаткырылды, алардын абалы туруктуу", - деп билдиришти министрликтен.
Бүгүн, 6-июнда Бишкек-Ош жолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Өз кезегинде саламаттыкты сактоо министрлиги жол кырсыгынан жеринде 4 адам, ооруканага бара жаткан жолдо дагы 2 адам каза болгондугун билдирген. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсыкка оң рулдуу Toyota Alphard унаасынын каршы тилкеге чыгып кеткени себеп болгондугун билдирди.