Toyota Alphard каршы тилкеге чыккан. ЖКККББ Суусамырдагы кырсык боюнча билдирүү жасады

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бүгүн, 6-июнь күнү Бишкек-Ош жолунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча үн катты.

SUPER.KG порталына башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыкка оң рулдуу Toyota Alphard унаасынын каршы тилкеге чыгып кеткени себеп болгон.

"6-июнь күнү болжол менен саат 07:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 178-чакырымынан жол кырсыгы болду деген маалымат түшкөн. Азыркы учурда ЖКККББнын кызматкерлери ошол жакта. Алдын ала маалымат боюнча, оң рулдуу Toyota Alphard үлгүсүндөгү унаа карама-каршы тилкеге чыгып Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Жол кырсыктын кесепетинен жеринен 4 адам каза болгон, жаракат алгандар такталууда", - деп билдиришти башкармалыктан.

Бүгүн, 6-июнда Бишкек-Ош жолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Өз кезегинде саламаттыкты сактоо министрлиги жол кырсыгынан жеринде 4 адам, ооруканага бара жаткан жолдо дагы 2 адам каза болгондугун билдирген.

Суусамырдагы жол кырсыгы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан