Бүгүн, 6-июнда Бишкек-Ош жолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Жарыяланган видеого ылайык, Mercedes-Benz менен Toyota Alphard унаалары сүзүшкөн. Видеонун авторунун айтымында, жол кырсыгынан төрт киши каза болгон.
"Унааны уктап эс алып алып, анан жайыраак айдасаңар. Канча кишинин убалына калдыңар", - деди видеонун автору.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымат такталып жатканын билдирди.