Талас. Таласта асфальт заводунун вагонунан өрт чыкты

 Талас облустук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын өрттү алдын алуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Тилек Рыспеков 10-декабрда өрт кырсыгы катталганын билдирди. Тактап айтканда, ошол күнү саат 21:30дар чамасында Талас районунун Ак-Сай айылынын чет жакасында жайгашкан асфальт заводунун вагонунан өрт чыккан. Тилсиз жоо Өрткө каршы кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин негизинде ийгиликтүү өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 24 метр чарчы жер күйүккө учурады. Ал эми канча мүлк сакталып калынганы учурда такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан