Казакстанда токойдогу өрттөн каза болгондордун саны 14 адамга жетти

Казакстандын Абай облусунда токойдо өрттөн каза болгондордун саны 14 адамга жетти.

Казак президентинин басма сөз кызматынан билдиргендей, Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 11-июнда кырсыктан каза болгондордун жакындары менен жолугуп, алардын үй-бүлөсүнөн кечирим сурады.

"Мен сиздерге көңүл айтайын деп атайын келдим. Бул биздин жалпы элибиз үчүн чоң трагедия, жоготуу. Мындай оор күндө күчтүү болуңуздар. Кайгыңыздарды тең бөлүшөм. Өкмөткө финансылык же башка керек болгон бардык жардамды берүүнү тапшырдым. Эгер өкмөткө же жеке мага айта турган кайрылууңар болсо, айткыла. Алардын бардыгын жасайбыз. Болуп өткөн окуя үчүн кечирим сурайм. Түшүнөм, өтө оор... Тилекке каршы, жашообузда мындай нерселер болуп жатат. Бул нерсени эч актагым келбейт", - деди Токаев.

Ошондой эле ал Казакстанда 12-июнь - аза күтүү күнү деп жарыялады.

Акыркы маалыматтарга ылайык, өрт чалган аймактын жалпы аянты 60 миң гектарды түздү. Тилсиз жоону өчүрүүгө 11 тик учак, 300 техника жана 1500дөн ашуун киши тартылган.

Окуяга байланыштуу президент Токаев ӨКМ башчысын алмаштырды.

Видео: Казакстандын президентинин басма сөз кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан