Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Абай облусундагы өрттө каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Экс-президенттин билдирүүсү анын расмий сайтына жарыяланды.
"Абай районундагы ири өрттүн кесепетинен токой чарбасынын бир топ кызматкерлеринин кайгылуу өлүмү тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтам жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Көрүлгөн чаралардын аркасында бул кырсыкты жеңебиз деп ишенем", - деп айтылат Назарбаевдин билдирүүсүндө.
Эске салсак, 8-июнь күнү Абай облусунда 60 миң гектар жерде токой өртү чыккан. Анда каза болгондордун саны 14кө жеткендиги маалым болгон.
Бүгүн, 12-июнь Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган.