Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министри Зульфия Сулейменова Абай облусунун токой чарба кызматкерлеринин рациясында акыркы сөздөр кандай болгонун айтып берди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Министр каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, өрткө биринчилерден болуп токой чарбасынын өкүлдөрү барганын белгиледи. Алар 8-июнга караган түнү байланышка чыкпай калышкан.
"Кечээ 14 кишинин сөөгү табылды, 8-июнь күнү саат 22:00гө жакын алар менен байланыш үзүлүп калды. Акыркы жолу рациядан алар шамалдын багыты өзгөрүп, аларды түтүн каптап жатканын айтышкан. Катуу түтүндөн аларды табуу мүмкүн болгон жок. Кечээ алардын жансыз денеси табылды. Учурдан пайдаланып, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деген ал.
Министрдин айтымында, абал бир топ татаал. Шамал күчөдү. Ошондой эле болжолдоолорго ылайык, бир нече күндүн ичинде катуу шамал болуп, өрттү өчүрүүгө терс таасирин тийгизет.
Эске салсак, 8-июнь күнү Абай облусунда 60 миң гектар жерде токой өртү чыккан. Анда каза болгондордун саны 14кө жеткендиги маалым болгон.
Бүгүн, 12-июнь Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган.