Мариуполь шаарынын бийлиги толугу менен талкаланган шаарды үч жылдын ичинде толук калыбына келтирүүнү күтүүдө. Бул тууралуу шаар мэри Олег Моргун ТАСС басылмасына билдирген.
Мэрдин айтымында, 2023-жыл шаар үчүн оор жыл болот. Учурда 1 миң 800дөй объектиде калыбына келтирүү жана куруу иштери жүрүүдө. Турак жай имараттары, социалдык жана коммуналдык инфраструктура объектилери жигердүү тургузулуп жатат.
"Мен үч жылдын ичинде шаарды калыбына келтирүү темасын жабабыз деп ойлойм" деген Моргун.
Мариуполь - 2022-жылы күзүндө Орусия тарабынан аннексияланган Донецктеги шаар. Шаар 2022-жылдын май айында узакка созулган салгылашуулардан кийин орус аскерлеринин көзөмөлүнө өткөн.