Индияда аз камсыз болгон эки миңден ашык түгөй үчүн үлпөт той өткөрүлдү

Индиянын Баран шаарында 6 сааттын ичинде аз камсыз болгон 2143 түгөй үчүн үлпөт той уюштурулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, иш-чара 6 саатка созулуп, 12 саат жана 24 саатта баш кошкон түгөйлөр боюнча рекордду ашып өтүп, "Гиннесстин рекорддор китебине" катталды.

Үлпөт тойго Ражастандын башкы министри Ашок Гехлот жана министрлер кабинетинин мүчөсү Прамод Джейн Бхайа дагы катышкан. Иш-чаранын алкагында жаш жубайларга ар кандай белектер берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан