Италиянын мурдагы өкмөт башчысы Сильвио Берлускони каза болду

Италиянын мурдагы премьер-министри, "Forza Italia" партиясынын негиздөөчүсү Сильвио Берлускони 86 жашында каза болду. Бул тууралуу "Corriere della Sera" гезити жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, Берлускони 9-июнда, Миландагы Сан-Рафаэле ооруканасында каза болгон.

Апрель айынын башында пневмония менен ооруканага жаткырылган саясатчы өнөкөт миеломоноцитардык лейкоз менен дагы ооруп жатканы белгилүү болгон. Химиотерапия курсунан өткөнүнө карабастан, Берлускони ооруканада 45 күн жатып, 19-майда чыгарылган.

Берлускони - италиялык мамлекеттик жана саясий ишмер, жеке ишкер. Ал төрт жолу Италиянын премьер-министри кызматын аркалаган (1994-1995, 2001-2005, 2005-2006, 2008-2011). Ошондой эле саясатчы Европа өлкөлөрүнүн ичинен өкмөттү башкарган биринчи мультимиллиардер болуп саналат.

1986-жылдан 2016-жылга чейин Берлускони "Милан" футболдук клубуна ээлик кылган. Ишкер 2005-жылы 12 миллиард доллары менен "Forbes" журналынын тизмесинде эң жогорку орунду (25-орун) ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан