Японияда өспүрүм видеосу үчүн жарым миллион доллар төлөп бериши мүмкүн (видео)

Япониядагы суши ресторанында соя соусунун бөтөлкөсүн тили менен жалап койгон өспүрүмгө жарым миллион доллар өлчөмүндө доо арыз жазылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, окуя Food and Life Companies компаниясына таандык Akindo Sushiro филиалында болгон. Өспүрүм досу менен 3-январь күнү ресторанга барышкан. Анда ал бир бөтөлкө соя соусу менен чай чөйчөгүн тили менен жалап, конвейерде өтүп бара жаткан сушиге колун тийгизип жаткан учурун видеого тарткан. Андан соң видеону социалдык тармактагы баракчасына жүктөп койгон.

Ал эми аталган компаниянын жетекчилиги окуянын видеосу интернетке тарап кеткенден кийин бизнеси төмөндөп кеткенин айтып, өспүрүмгө каршы 500 миң доллар өлчөмүндө доо арыз жазган.

Аты ачык айтылбаган өспүрүм интернетке тарап кеткен видео үчүн кечирим сураган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылууда.

Жапонияда өспүрүмгө видеосу үчүн жарым миллион доллар доо арыз жазылды (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан