Орусияда 4-июндан тарта спирт ичимдигинен ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 100дөн ашып, 30дан ашык жарандын каза болгону айтылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Андагы маалыматтарга караганда, "Мистер сидр" спирт ичимдигине ууланып жабыр тарткандар жана каза болгондор Ульяновск аймагынан сырткары Орусиянын башка аймактарынан да катталып жатат. Алардын арасында 8 жаштагы баладан баштап, жашы 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр дагы бар.
Буга чейин Кыргызстанда да аталган спирт ичимдигин сатууга тыюу салынганын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти кабарлаган болчу.
Эске салсак, “Анда” өндүрүштүк компаниясы өндүргөн “Мистер сидр” ичимдигинин курамынан метанол менен этил бутират табылган. Аталган заттарды аз дозада дагы колдонуу өлүмгө алып келери айтылууда.