Казакстандагы өрттөн каза тапкандардын жакындарына 15,6 миң доллар кенемте берилет

Казакстандын Абай облусундагы өрттөн каза болгондордун үй-бүлөсүнө "Казакстан Халкына" фонду тарабынан 7 миллион теңге (15,6 миң доллар), буга кошумча артында калган ар бир баласы үчүн 2 миллион теңге (4,4 миң доллар) төлөнөт. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө керектүү колдоо көрсөтүү үчүн атайын фонд түзүлгөн.

Ал эми Казакстандын 40тан ашык университеттери өрттөн жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарына гранттарды жана жатаканадан орун берүүгө даяр. Ошондой эле окуу акысын төлөгөн студенттерди грантка которуу каралууда.

Белгилей кетсек, Казакстандын чыгышындагы Абай аймагында 8-июнда өрт кырсыгы катталган. Өрттү өчүрүүгө 1530 адам, 320 техника, 14 тик учак тартылууда. Өрттөн 14 токой кызматкери каза болуп, 460 адам эвакуацияланганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан