Ислам Каримовдун уулу мурдагы биринчи айымды сотко берди

Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун уулу Пётр Каримов мурдагы биринчи айым Татьяна Каримованы сотко берди. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышууда.

Маалыматка караганда, алгачкы соттук отурум 26-июнда жарандык иштер боюнча Яккасарай райондор аралык сотунда болот. Ал эми эки тараптын мурас үчүн соттошуп жатканы маалым болду.

Эске салсак, Пётр – Ислам Каримовдун алгачкы жубайы Наталья Кучминин уулу. Алар 1969-жылы расмий түрдө ажырашкан.

Пётр Каримов буга чейин көп жыл эмгектенген "Узбекистон хаво йуллари" улуттук авиакомпаниясын айлык акысын өндүрүп алуу боюнча доо арыз менен кайрылган. Эки тараптын элдешүүсүнөн кийин териштирүү иштери токтотулган. Ошондой эле Пётр Каримов май айында аялын аёосуз сабагандыгы үчүн да укук коргоо органдары тарабынан кармалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан