Египетте жигитти жеп салган акула: Эксперттер коркунучтуу маалыматтарды беришти

23 жаштагы Орусиянын жараны Владимир Попов 8-июнда Египеттин Хургада шаарында акуланын кол салуусунан улам каза болгон. Азыр анын сөөгү өлүкканада, соттук-медициналык эксперттер жигиттин өлүмүнүн коркунучтуу чоо-жайын айтып беришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, трагедиядан бир күн өткөндөн кийин жергиликтүү балыкчылар тору менен жырткычты кармашкан. Акула союлуп, ичинен Владимирдин башы менен колу табылган. Медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Владимир Поповдун сөөгүнүн жарымынан ылдыйы гана өлүкканага жеткирилген.

Азыр сөөк прокуратура менен соттук-медициналык экспертизанын карамагында, тергөөнүн алкагында экспертиза жүргүзүлүүдө. Каргашалуу окуяга күбө болгон Владимир Поповдун атасы дагы эле уулунун сөөгүн ала албай жатат. Ал уулун кремациялап, анан сөөгүн үйүнө алып кетүүнү пландап жатат.

8-июнда Египеттин белгилүү Хургада курортунда акула 23 жаштагы балага кол салган. Окуянын күбөсүнүн айтымында, акула кол салуу учурунда жигит "ата" деп кыйкырган. Бала атасынын көзүнчө каза болгон.

Каза болгон жигит Орусиядан келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2023-06-14 13:45:00
Качан болду бул окуя
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан