Казакстандын Маңғыстау облусунда “Түштүк Каратурун” кен казуучу аймагынан чыккан өрт 6 күндөн бери өчө элек. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Маалым болгондой, окуя “Түштүк Каратурун” мунай-газ кенинде бургулоо иштерин жүргүзүү учурунда пайда болгон. Учурда скважинанын оозунан газ-суу аралашмасы атылып, диаметри 15, тереңдиги 2 метрден 3 метрге чейин жеткен кратер пайда болгондугуна байланыштуу аны өчүрүүгө мүмкүн болбой жатат.
Эксперттер аны бургулоо суюктугу менен толтурууну же кошумча бургулоо иштерин жүргүзүүнү сунуштап жатышат .Ошондой эле газ басымынын азайышынан өрттүн өчүшү мүмкүн деген божомолдор айтылууда.
Эске салсак, кечээ Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттү өчүрүүгө тыюу салып, өчүрүү учурунда кен аймагынын айланасында жарылуу болушу мүмкүн экенин эскерткен болчу.