Ташкенттеги сейил бактардын бириндеги аттракциондон эки адам кулап түштү. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 13-июнда Шайхантахур районундагы «Анхор-Локомотив» оюн-зоок паркында болгон. Анда 24 жаштагы Б.Э. аттуу жигит менен 30 жаштагы Т.М. аттуу аял аттракциондогу коопсуздук курун такпай койгондуктан, кулап кетишкен.
Жабырлануучуларга Улуттук гвардиянын кызматкерлери тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген. Учурда алардын абалы канааттандырарлык экени айтылууда.
SUPER.KG порталынын Телеграм каналына катталыңыз.