Орусиянын Иркутск облусунун Братск шаарында 30га жакын адам шаурмадан ууланды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Маалыматка караганда, жабырлануучулардын баары Киров көчөсүндө жайгашкан тез татым даярдоочу жайынан шаурма жеген. Учурда жабырлануучулардын айрымдары шаардык инфекциялык ооруканасына, ал эми жабыркаган балдар клиникага жаткырылды. Алардын абалы орто жана оор деп бааланууда. Ал эми жабыркагандардын 19у үйүндө дарыланууда.
Маалым болгондой, буг чейин бул мекемеде уулануу фактылары катталган. Андан кийин Роспотребнадзор аны текшерип, бирок эч кандай мыйзам бузуу тапкан эмес. Учурда тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.