Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Каракалпакстанда шайлоочулар менен жолугушуп, андан кийин үлпөт тойго күтүүсүздөн барды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, жаңы үйлөнгөн жубайлар Өзбекстандын президентин тоюнда көрүшүп, таң калышкан. Өз кезегинде Шавкат Мирзийоев жаштарды куттуктап, аларга үй-бүлөлүк бакыт каалады.
Мындан тышкары, мамлекет башчы жаңы үйлөнгөн жубайларга белектерин тапшырып, күйөө балага колуктусуна кам көрүүнү суранды.
Келин президенттин келгенине нес абалда болуп, көзүнө жаш алган.