Кыргызстанда 2011-жылы 140 миң жаран айдоочулук күбөлүк алган

"2011-жылы Кыргызстанда 140 миң жаран айдоочулук күбөлүк алган" деп билдирди ЖКнын транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында ИИМдин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев. Кыргызстанда жыл сайын айдоочулук күбөлүк алууну каалагандар өсүп жатканын айткан Исаев "өлкөдө унаалардын саны да өсүүдө. 2012-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча мас абалында унаа айдап милицияга кармалгандардын саны 2 пайызга, мас айдоочулардын айынан автокырсыкка кабылып каза болгондордун саны 1 пайызга төмөндөдү. Бирок мас абалында унаа башкарып бараткан адамдардын кесепетинен жол кырсыгынан жаракат алгандар 25 пайызга өстү" деп кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан