Белгилүү казакстандык ырчы Торегали Тореали баңгизат колдонуп алып унаа башкарганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, полиция Торегали Тореали башкарган Lexus унаасын артынан кууп жүрүп, тыгынга келгенде кармашкан. Анда дагы ырчы полиция кызматына баш ийбей, унааны сүзүп, качууга аракет кылган. Полиция кызматкерлери аны унаадан сүйрөп түшүп, жерге жаткырышкан.
Ырчынын унаасынан аялдын кыйкырып ыйлаганын угууга дагы болот.
Полициянын маалыматы боюнча, ырчы баңгизатка мас абалында болгон. Төрөгали Төреалиге ар кандай беренелер боюнча алты протокол түзүлдү.
Сот аны 20 күнгө камакка алуу чечимин чыгарды.