Коңшу Казакстандын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Сапабек Мукушев өгөй кызын зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
Андагы маалыматка ылайык, 20 жаштагы Сапабек Мукашевдин мурдагы өгөй кызы полицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал өгөй атасы өткөн жылдын ноябрь айынан бери эки жолу зордуктаганын билдирген.
Учурда бул факты боюнча эки берене менен (“Зордуктоо” жана “Бир нече жолу зордуктоо”) боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.
Тергөөнүн алкагында бир катар соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен акыркы процессуалдык чечим чыгарылат. Шектүүнүн баш коргоо чарасы тандалган эмес, жабырлануучуга коргоо берилген.