Казакстандын борбору Астана шаарында белгисиз оору менен бейтапканага кайрылгандар көбөйүүдө. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары кабарлашууда.
Маалым болгондой, ооруканага кайрылгандардын баары кусуу, диарея жана жогорку температура менен жабыркап жатышат. Адистердин айтымында, бул дарттын так аты жана ага каршы сайылуучу вакцина жок. Бейтаптарга көбүнчө симптоматикалык дарылоо жүргүзүлүп жатат. Оорунун күчөшү “менингитке” окшош.
Ал эми вирус адамдарга аба аркылуу гана эмес, булганыч сууга түшүүдө, фильтрленбеген сууну ичүүдө жана жуулбаган мөмө-жемиштерди жегенде да жугушу мүмкүн.
Билдирүүгө ылайык, акыркы 5 айдын ичинде ооругандардын саны 569га жеткен. Бул былтыркыга караганда эки эсе көп экени айтылууда.