Түркияда муздаткычтан түркмөнстандык төрт адамдын сөөгү табылды  

Түркияда муздаткычтан түркмөнстандык төрт адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Түркмөнстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 17-июнда Түркиянын Измир шаарынын Байраклы районундагы үйдөн төрт адамдын сөөгү табылган. Полиция кызматкерлери үйдү курчоого алып, иликтөө иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында каза болгон адамдардын өздүгү такталган. Анда Г.Х аял жана Л.Г., Л.Г. аттуу эки кызы жана Р. аттуу бир жигит экени белгилүү болгон.

Шектүү катары Түркмөнстандын жараны кармалган.

Полициянын маалыматына караганда, окуя үй-бүлөлүк жаңжалдан улам келип чыккан болушу мүмкүн. Шектүү алгач аларды өлтүрүп, андан соң каза болгондордун сөөктөрүн муздаткычта сактаган. Ал эми кылмыш каза тапкандардын Стамбулдагы туугандары алар кабарсыз болуп калганда, полицияга кайрылгандан кийин ачыкка чыккан.

Учурда кылмышка байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан