Асылбек Жээнбеков депутаттарга: “Сатыбалдиевдин да, менин да басчу жолума килем төшөлбөйт. Эстониянын премьер-министри келе жатат”

Жогорку Кеңештин 12-декабрдагы жыйынында депутат Ташполот Балтабаев төрагага кайрылып “Жантөрө Сатыбалдиевди өтө көптүрүп жибербейли. Эмне үчүн ал басчу жолго бүгүн килем төшөп коюшту?” деди эле, Асылбек Жээнбеков төшөлгөн килем өкмөт башчы үчүн эмес экенин айтты. 

“Менин да, Сатыбалдиевдин да басчу жолуна килем төшөлбөйт. Эстониянын премьер-министри келет. Килем ошого төшөлдү”,- деп билдирди ал. 

Балтабаев “бизге аппараттан ушинтип айтышты. Анда аппараттагылар Эстониянын премьер-министринин келишин билбейт экен”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан