Атлантика океанында дайынсыз жоголгон "Титан" суу астында жүрүүчү кеменин бортунда беш киши, анын ичинде пакистандык ишкер Шахзад Дауд жана анын уулу Сулейман дагы бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, дайынсыз жоголгон кеменин бортунда пакистандык миллиардерден тышкары британиялык миллиардер жана саякатчы Хамиш Хардинг, франциялык суучул Пол-Генри Нарголет дагы бар.
Учурда окуя болгон жерде АКШнын Жээк коопсуздук кызматы жетектеген аскердик учактардын катышуусунда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат. Андан соң издөө иштерине Канаданын Жээк коопсуздугу жана Канаданын күчтөрү кошулду.
Дайынсыз жоголгон кемеде 1 күнгө жете турган гана кислород калды.
48 жаштагы Шахзад Дауд - Пакистандагы эң бай адамдардын бири.