Ош шаарында официанттардын укугун коргоо боюнча тегерек стол өтөт
Эртең, 13-декабрда Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан шаардагы кафе-ресторандарда официант болуп иштеген жаштардын укугун коргоо боюнча тегерек стол болуп өтөт. Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасы Сонунбек Жунусбаев бүгүн, 12-декабрда билдирди. Тегерек столго жергиликтүү кеңештин депутаттары, социалдык фонддун өкүлдөрү, салык кызматынын адистери, юристтер, кафе-ресторандын ээлери жана айрым официант болуп иштеп жүргөн жаштар катышат. Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук тамактануучу жайларда официант жаштардын укуктарын коргоо боюнча талкуулар жүрмөкчү.