"Талибандын" лидери Хайбатулла Ахундзада ооган аялдарын "салттуу эзүүдөн" бошотуп, аларга "эркин адам" статусу берилгенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, мындай билдирүүнү Ахундзада Курман айт майрамына карата айткан куттуктоосунда билдирген.
Билдирүүдө "Талибан" режиминин жетишкендиктеринин арасында аялдардын эркин жана татыктуу адам катары статусун калыбына келтирүү болгону жана бардык институттар аялдарга никеге туруу, мураска ээ болуу жана башка укуктарды камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү экени баяндалган. Ошондой эле жаңы режим аялдарга ислам шариятына ылайык жайлуу жана бакубат жашоону камсыз кылуу үчүн маанилүү кадамдарды жасаганы айтылган.
Эске салсак, 2022-жылдын март айында Ооганстанда орто жана жогорку класста окуган кыздарга мектепке барууга тыюу салынса, декабрда башталгыч класстын окуучуларына да тыюу салынган. Мындан сырткары аялдар университетте билим алуу, парктарга баруу, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарда иштөө укугунан ажыратылган.