Украинанын президенти Володимир Зеленський Жогорку Радага англис тилин эл аралык баарлашуу тили катары статусун расмий аныктай турган мыйзам долбоорун сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, ал англис тилин жергиликтүү администрация башчылары, офицерлер, милиция кызматкерлери жана прокурорлор билүүгө милдеттүү экендигин айткан.
Мындан тышкары Зеленський ар бир студент англис тили боюнча мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өтүшү керектигин сунуштаган.